КМШ менен ЕАЭБ азык-түлүк коопсузудугу жаатында кызматташууда

18-сентябрда Тажикстандын борбору Душанбеде КМШнын Айыл чарба комплекси боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) билдирди.
Маалыматка ылайык, отурумда айыл чарба комплекси жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташтык меселелери каралган.
ЕЭКтин Айыл чарба саясаты департаментинин директору Наира Карапетян отурумдун катышуучуларына ЕАЭБдеги айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана өлкөлөрдүн азык-түлүк менен жогорку деңгээлде камсыздалышы тууралуу маалымат берген.
Отурумдун жыйынтыгында айыл чарба жана азык-түлүк системаларын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары аныкталган.
КМШнын Айыл чарба комплекси боюнча өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна КМШ өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлери, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү жана эксперттер катышкан.