2025-жылдын январь-февраль айларында КМШ өлкөлөрүндө чекене сооданын жалпы көлөмүнүн 92,1% чекене соода ишканаларынын үлүшүнө туура келген, бул 2024-жылдын ушул мезгилине (92%) караганда 0,1 пайыздык пунктка жогору. Бул тууралуу КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин материалында айтылат.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, чекене сооданын жалпы көлөмүндө чекене ишканалардын эң жогорку үлүшү Россияда, Белоруссияда жана Арменияда – 95,3%дан 96,5%ке чейин катталган.
Казакстанда чекене соода ишканаларынын үлүшүнө чекене товар жүгүртүүнүн 76,7%, Азербайжанда – 77,5%, Кыргызстанда – 67,7% туура келген.
Ал эми, чекене сооданын жалпы көлөмүндө чекене соода ишканаларынын эң аз үлүшү Тажикстанда жана Өзбекстанда белгиленет, аларда товар жүгүртүүнүн 70,1% жана 51,5% тиешелүүлүгүнө жараша жалпы кийим жана азык-түлүк рынокторуна туура келет.