ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
КМШ оюндары: Боксчу Зафарбек Камилов финалга чыкты
10.08.2023 | 18:00
Кыргызстандык мушкер Зафарбек Камилов Беларустун Орша шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарындагы бокс боюнча мелдеште финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 48 кг чейинки салмакта күч сынашууда. Ал чейрек финалдагы беттеште азербайжандык мушкерди, андан кийин жарым финалда Беларустун мушкерин жеңген.
Финалдык беттеште ал Тажикстандын мушкери менен күч сынашат.
Алтын медаль үчүн беттеш 12-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 19:00 башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт