Дагы чөнтөкчүлөр. Бишкекте жүргүнчүгө кол салгандар кармалды

Дагы чөнтөкчүлөр. Бишкекте жүргүнчүгө кол салгандар кармалды

Бишкекте эл ташыган кичи автобуста жүрчүнчүгө кол салган чөнтөкчүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгнодой, буга чейин жергиликтүү басылмалар бүгүн, 10-августта эртең менен №172 кичи автобуста чөнтөкчүлөр жаш жигитке бычак сайып, качып кеткени тууралуу жазышкан. Жаш жигит чөнтөкчүлөр жүргүнчүнүн телефонун уурдап жатканын көрүп калып, аларды токтоткон. Ошол учурда чөнтөкчүлөрдүн бири жаш жигитти бычак менен колуна жана тизе тушка уруп, качып кетишкен.

Бул окуя боюнча милицияга жабырлануучунун апасы кайрылган. Жараат алган бала өспүрүм экени белгилүү.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары 2006-жылы туулган М.Д. жана 2005-жылы туулган О.И. аттуу шектүүлөдү кармаган.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Иликтөө иштери уланууда.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0990 77-07-07 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Эскерте кетсек, 2-3 күң мурда эле Бишкекте чөнтөкчүлөр менен байланышкан окуя болгон. Күбөлөр билдиргендей, белгисиз бала жүргүнчүнүн телефонун уурдоого аракет кылып жатканда кармалып калган. Жүргүнчүлөр аны милицияга өткөрүп берели деген. Бирок анын шериги келип, ызы-чуу чыгарып, бирөөсү кишилерге отвертка менен кол салган. Андан кийин алар качып кеткен. Бул окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, резонанс жараткан.

Кийинчерээк милиция шектүү катары 18 жана 29 жаштагы эки жаранды кармаган. Шектүүлөр мурда бир нече жолу соттолушкан.

Маршруткада жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салгандар кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>