Кочкордо эки кабаттуу автобекет курулуп жатат (сүрөт)

Кочкордо эки кабаттуу автобекет курулуп жатат (сүрөт)

Нарын облусунун Кочкор районунун борборунда заманбап эки кабаттуу автобекеттин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 394 млн сомду түзөт.

Жаңы автобекет эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 14 миң 469 чарчы метрди түзөт. Имарат жарандардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздоо максатында заманбап стандарттарга жана талаптарга ылайык курулуп жаткандыгы айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>