Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Кой-Таш окуясы: Самат Курманкуловдун Москвадагы дарылануусу марттын аягына чейин созулат
17.01.2020 | 10:47
Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда. Анын дарылануусу болжол менен ушул жылдын март айынын аягына чейин созулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
Аталган министрликтин маалыматына ылайык, Самат Курманкулов өз алдынча тамак жеп, сүйлөп, кыймылдап жатат.
Белгилей кетсек, 7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Самат Курманкуловдун башынана таш тийген.
Кыргызстанда анын башына эки жолу операция жасалып, абалы өзгөрбөгөн соң Москвадагы Бурденко атындагы борборго жиберилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом