УКМК: Токмокто уюшкан кылмыштуу топко таандык курал-жарактар сакталган жай табылды31-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт«Баатыр эне» энелеринин балдарына окуу боюнча жеңилдиктер. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды«Кыргызстанга жыл бою иштөөчү туризм керек». Сергей Глуховеров — сезон, жаңы каттамдар жана тармактын келечеги тууралууКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Венгриянын премьеринин кеңешчиси глобалдык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын такташтыКыргызстанда туризмдин кирешеси 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд долларга жетти
Колледждерге кабыл алуунун II туру башталды
07.08.2020 | 14:59
Билим берүү министрлиги бүгүн, 7-августта орто кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларына кабыл алуунун экинчи туру башталганын кабарлады.
Эпидемиологиялык кырдаалдан улам онлайн жүргүзүлүп жаткан кабыл алууга абитуриенттер Билим берүү министрлиги иштеп чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системасы аркылуу катталыша алат.
Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек.
Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлдү. 1-турдун жыйынтыгы боюнча 22 070 өтүнмө катталган.
Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жайларга окуу жылынын башында бериши керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим