Бишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болдуОшто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалдыБишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирдиКыргызстанда атын же фамилиясын кантип өзгөртсө болот жана эмнелерге тыюу салынат: «Кызмат» ММнин түшүндүрмөсүБишкекте М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылатЧоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт
Колледждерге кабыл алуунун II туру башталды
07.08.2020 | 14:59
Билим берүү министрлиги бүгүн, 7-августта орто кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларына кабыл алуунун экинчи туру башталганын кабарлады.
Эпидемиологиялык кырдаалдан улам онлайн жүргүзүлүп жаткан кабыл алууга абитуриенттер Билим берүү министрлиги иштеп чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системасы аркылуу катталыша алат.
Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек.
Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлдү. 1-турдун жыйынтыгы боюнча 22 070 өтүнмө катталган.
Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жайларга окуу жылынын башында бериши керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим