Дайынсыз жоголгон жаран киши колдуу болгон. Окуянын чоо-жайы

Дайынсыз жоголгон жаран киши колдуу болгон. Окуянын чоо-жайы

Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 23-январда Аламүдүн айылында Чоң Чүй каналында киши колдуу болгон, колу-буту байланган адамдын сөөгү табылган.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталып, ал былтыр 19-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 33 жаштагы А.К. аттуу жаран болуп чыккан.

Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 22 жаштагы У.Ш. жана 31 жаштагы Д.К. аттуу жарандарды кармаган.

«Алар 19-декабрда А.К.ны сабап, колу-бутун байлап каналдагы сууга ыргытып салганын мойнуна алышты», — деп билдиришти милициядан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>