17 миңден ашуун кыргызстандык гепатиттен акысыз дарыланууда — Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун эрежелери өзгөртүлдүБалдарды унаада калтырбаңыз — Бишкектин медиктеринин эскертүүсүОксана Львова: КРСУнун диплому бүгүнкү күнгө чейин ишимде жардам берип келетСадыр Жапаров мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусун жана символикасын бекиттиАрмения Орусиядан товарларынын импортуна коюлган чектөөлөрдү алып салууну суранды
20 күндө 1,5 миңдей чет элдик номурлуу автоунаа мыйзамдаштырылды
21.04.2025 | 17:50
1-апрелден 20-апрелге чейин өлкө боюнча 1 миң 472 чет элдик номурлуу, каттоосу жок автоунаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.
Аймактар боюнча катталган унаалардын саны:
- Бишкек шаары – 457;
- Ош шаары – 82;
- Баткен облусу – 71;
- Жалал-Абад облусу – 110;
- Нарын облусу – 27;
- Ош облусу – 218;
- Талас облусу – 72;
- Чүй облусу – 400;
- Ысык-Көл облусу – 35.
Ошондой эле аталган агенттик автоунааларды мыйзамдаштырууда акча которууда техникалык себептерден улам создуктуруулар болуп жатканын белгилеп, автоунаалардын ээлеринен бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алууну суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом