Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видео
Токтогулда акын Элмирбек Иманалиевдин айкели орнотулду
21.04.2025 | 15:40
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин айкели орнотулду. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фонду кабарлады.
Айкелдин ачылыш аземи 20-апрелде болуп өткөн. Ага эл акындар, ЖК депутаттары, акындын замандаштары, шакирттери, үй-бүлөсү катышкан.
Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ал төкмө акын гана эмес, ырчы, обончу катары таанылып, эл арасында белгилүү “Булбулум”, “Аруузатым”, “Жалгыздыктан тажап бүттүм”, “Коштошуу вальсы”, “Мунарым”, “Балкыма” чыгармаларын жараткан.
Акын 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жаш курагында каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы