Бишкекте көмүскө иштеген эки диний лагерь аныкталып, жабылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Анда 6-17 жаштагы 110 бала билим алган. Лагерди 32 жаштагы жаран уюштуруп, эч бир уруксат кагазы жок иштетип жүргөн.
УКМК «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбестигин эскертет.
Ошто аял уруксатсыз кыздар лагерин ачып, исламды үйрөтүп жүргөн