Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи
Карга байланыштуу «Сосновка» жана «Арал» пунктарында убактылуу чектөө киргизилди
08.12.2025 | 15:14

Бүгүн Бишкек–Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу эки өткөрмө пунктуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
- Жайыл районунун «Сосновка» өткөрмөсүндө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 12:50дөн тарта;
- Токтогул районунун «Арал» өткөрмөсүндө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 13:40тан тарта убактылуу чектөө киргизилди.
Мындай чаралар кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жасалды.
Кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом