Конституциянын долбооруна автор эместигин айткан Эмил Токтошев суракка чакырылды

Конституциянын долбооруна автор эместигин айткан Эмил Токтошев суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу адвокат Искен Афиджанов эл өкүлүнүн атына келген чакыруу кагазыздын сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялады.

Андагы чакыруу катта сурак 20-октябрь күнү 17:00дө болоору жазылган. Суракка эмне себептен чакыртылганын билүү үчүн Токтошевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Белгилей кетсек, Эмил Токтошев кечээ, 18-ноябрда билдирүү жарыялап,  Коомдук талкууга чыккан Конституциянын долбооруна демилгечи болуп жазылып калганын социалдык тармактан көргөнүн айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>