Конституциялык сот өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорду кароону баштады

10.12.2025 | 12:35

Бүгүн, 10-декабрда, Конституциялык сот президенттин Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорго корутунду берүү тууралуу сунушун кароого киришти.

Долбоордо Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталган. Анда балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын киргизүү каралган.

“Бул категориядагы иштер Конституциялык сот тарабынан жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча каралат, анткени президенттин корутунду берүү жөнүндөгү сунушу соттук талаш-тартыш мүнөзүндө эмес жана тараптардын катышуусун талап кылбайт”,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мыйзам долбоор 2025-жылдын 14-октябрында коомдук талкууга коюлган. Анын даярдалышына резонанстуу кылмыш себеп болгон. Ушул жылдын сентябрында17 жаштагы кыз уурдалып, зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул трагедия коомчулукта катуу нааразылык жараткан жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү талабын пайда кылган.

Мыйзам долбоор президенттин тапшырмасы менен иштелип чыккан.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Кыргызстанды өлүм жазасын кайра киргизүүдөн баш тартууга чакырган. Ал мындай кадам эл аралык укукту олуттуу бузуу болуп эсептелерин айткан.

Scroll to Top