Конституциялык сот өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорду токтотту

11.12.2025 | 11:13

Кыргызстандын Конституциялык соту өлкөдө эң жогорку жаза катары өлүм жазасын киргизүү сунушталган мыйзам долбоорду токтотту. Мындай чечим 10-декабрда соттун жыйынында кабыл алынды.

Конституциялык соттун чечимине ылайык, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор токтотулууга тийиш.

“Конституциялык сот өлүм жазасына тыюу салуу жана жашоого болгон укуктун артыкчылыктуу маанисин таануу ченемдик гана эмес, ошондой эле фундаменталдык баалуулук өлчөмүнө ээ деп эсептейт.

Конституциялык түзөтүү аркылуу өлүм жазасын калыбына келтирүү бул стандарттардан баш тартууну, укуктук өнүгүүнүн ырааттуулугун үзгүлтүккө учуроосун, инсандын кадыр-баркынын артыкчылыгына жана анын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган конституциялык вектордон четтөөнү билдирет”- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сот Кыргызстан өлүм жазасын жоюуну көздөгөн БУУнун Факультативдүү протоколуна кошулуп, аны кайра киргизбөө боюнча эл аралык милдеттенме алганын эске салды.

“Мындай шарттарда ички укукка өлүм жазасын киргизүү Кыргыз Республикасын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келет, бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт”,- деп билдирди мекеме.

Эске салсак, буга чейин Конституциялык сотко Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү каралган мыйзам долбоору боюнча расмий корутунду берүү өтүнүчү менен президенттин сунуштамасы келип түшкөн.

Мыйзам долбоор 2025-жылдын 14-октябрында коомдук талкууга коюлган. Анын даярдалышына резонанстуу кылмыш себеп болгон. Ушул жылдын сентябрында17 жаштагы кыз уурдалып, зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул трагедия коомчулукта катуу нааразылык жараткан жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү талабын пайда кылган.

Мыйзам долбоор президенттин тапшырмасы менен иштелип чыккан.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Кыргызстанды өлүм жазасын кайра киргизүүдөн баш тартууга чакырган. Ал мындай кадам эл аралык укукту олуттуу бузуу болуп эсептелерин айткан.

Scroll to Top