Бөлтүрүктүн жогорку айлыгы жана кайра кайтуу маселеси. Жогорку Кеңеш депутаттарынын пикириТИМ: Кытайда чет өлкөлүктөрдү онлайн каттоо системасы ишке кирүүдөӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат25-мартка карата аба ырайыКыргызстан менен Алтай байланыштарын чыңдоодо: маданий алмашуудан баштап ветеринардык кадрларды даярдоого чейинБыйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленет
Контрабандалык жол менен келген Cadillac Escalade унаасы аныкталды
14.02.2024 | 22:10
Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2007-жылы чыгарылган Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаа аныкталган, анын ээси Армениянын жасалма мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонуп, Кыргызстандын аймагында бажы жактан жол-жоболоштурбастан жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жүргөн.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 2 965 182 сомду түздү. Факт каттоого алынып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар