Камсыздандыруучулардын кирешеси 35%га өсүп, пайдасы дээрлик үчтөн бирге азайдыКыргызстан Түркмөнстанга мунай продуктуларын түз жеткирүү келишимдерин түзүүнү сунуштадыПрокуратура: 100 млн сомдук долбоордун көчөттөрүнүн 95%ы куурап калганТөрт жылда Кыргызстан менен Түркмөнстандын өз ара соодасы 1,8 эсеге өскөнАба ырайы: 20-ноябрда өлкөдө күн ачык болотПутин, Си Цзиньпин жана Трамп тынчтык жөнүндө декларация кабыл алышты: эмнелер тууралуу макулдашылды
Контрабандалык жол менен келген Cadillac Escalade унаасы аныкталды
14.02.2024 | 22:10
Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2007-жылы чыгарылган Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаа аныкталган, анын ээси Армениянын жасалма мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонуп, Кыргызстандын аймагында бажы жактан жол-жоболоштурбастан жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жүргөн.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 2 965 182 сомду түздү. Факт каттоого алынып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар