Жапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштү
Бишкекте Бириккен Араб Эмирлигинин элчилигин ачуу пландалууда
14.02.2024 | 21:18
Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын элчилигин ачуу пландалууда. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул маселе Садыр Жапаров менен аталган мамлекеттин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда талкууланды.
Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча сөз болду.
Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 12-февралдан 14-февралга чейинки иш сапары аяктап, ал Бишкекке кайтып келди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар