Коомчулук интернетти көзөмөлдөгүсү келген депутаттардын мандатын тапшырышын талап кылууда

Коомчулук интернетти көзөмөлдөгүсү келген депутаттардын мандатын тапшырышын талап кылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна социалдык тармактын колдонуучулары каршы чыгышып, нааразычылык пикирлерин жазышууда.

Эл өкүлү Кадырова «Фейсбук» баракчасына аталган мыйзам долбоору боюнча билдирүүсүндө Facebook, Google жана Twitter ай сайын жалган маалыматтар тууралуу отчёт бере турганын жазган. Ошондой эле ал Европа Биримдиги да ири технологиялык компаниялардын жасалма жаңылыктар менен активдүү күрөшүүсүн каалай турганын белгилеген.

Гүлшат Кадырованын бул билдирүүсүнө соцтармактын колдонуучулар 14 сааттын ичинде 4 миңден ашык комментарий жазып, 700гө жакын лайк басышкан. Лайк баскандардын көбү жини келип жатканын билдиришкен.

Комментарийдин басымдуу бөлүгү Кадырованын депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылышып, демократиялык өлкөдө мындай мыйзам болбошу керектигин билдиришүүдө.

Буга чейин “Factcheck.kg” порталы бул мыйзам долборунун басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. Мындай комментарийлерди Фейсбук колдонуучулары дагы жазды.

Бүгүн, 25-июнда бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экинчи окууда каралат.

18-июнда аталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жыйынга катталган 106 депутаттын ичинен 102си ага “макул” десе төртөө каршы добуш берген.

Тогуз беренеден турган мыйзам долбоордо  интернет колдонуучулардан тартып, сайттын кожоюндары, Интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган.

Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда интернет сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>