Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Коомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салынды
15.10.2025 | 15:49

Коомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салынды. Тыюу салуу 2026-жылдын 1-январынан тарта колдонула баштайт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык:
- Коомдук тамактануу объекттери мыйзамга каршы келбеген кошумча шарттарды киргизе алышат, бирок тейлөө үчүн пайыз түрүндө акы алууга тыюу салынат.
- Тамак-ашты берүү, сервировка жана персоналдын башка аракеттери үчүн өзүнчө акы алуу тыюу салынат.
- Коомдук тамактануу кызматтарынын бардык чыгымдары керектөөчүгө заказ берерден мурун жеткиликтүү менюда, прайс-баракта же башка документте көрсөтүлгөн баага кошулууга тийиш.
- Төлөнүүчү акыркы сумма алдын ала жарыяланган прайс-баракта көрсөтүлгөн баадан айырмаланбашы керек.
Токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирип, 2026-жылдын 1-январынан тарта колдонулат.
Коомдук тамактануу субъекттери 2026-жылдын 1-январына чейин менюларды, прайс-барактарды, кассалык жана программалык системаларды жаңы талаптарга ылайыктап, ар кандай «тейлөө үчүн пайыз» же башка өзүнчө төлөмдөрдү алып салышы керек.
Эгерде менюда же прайс-баракта алдын ала көрсөтүлгөн баа менен акыркы суммада айырма бар болсо, керектөөчүлөр ыйгарым укуктуу органдарга кайрыла алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом