Коомдук жайда жүзүн жаап жүргөндөргө, туткан динине карап адамды басмырлагандарга айып салуу сунушталууда

Коомдук жайда жүзүн жаап жүргөндөргө, туткан динине карап адамды басмырлагандарга айып салуу сунушталууда

Кыргызстанда диний чөйрөдөгү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документ өкмөт тарабынан демилгеленип, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан өзгөртүүлөр (бир нече мыйзамга өзгөртүү киргизилет):

  • Диний негизде саясий партияларды түзүүгө жана саясий партияларга диний ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынат;
  • Шайлоодогу үгүт иштеринде партиянын аталышында, үгүт материалдарында түз же кыйыр түрдө диний тематикадагы маалыматтар (сүрөттөр) камтылбашы керек;
  • Чет мамлекеттерге, чет өлкөлүк партияларга, компанияларга, чет элдик жарандарга жана диний иш менен алектенген субъекттерге Кыргызстандагы саясий партияларды каржылоого тыюу салынат;
  • Жергиликтүү кеңештин же Жогорку Кеңештин депутаты диний ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө болбойт;
  • Мамлекеттик мекемелерде же коомдук жайларда жүргөндө, жарандын өздүгүн аныктоого (идентификациялоого) болбой турган (бетин (жүзүн) жапкан — ред.) кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салынат. Бул норма жумушуна (кызматына) байланыштуу же медициналык көрсөтмөлөр боюнча жүзүн (бетин) жаап жүргөндөргө тиешеси жок;
  • Диний уюмдардын ишине же диний жөрөлгө өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө тоскоолдук кылгандарга, кимдир бирөөгө диний же башка ынанымды тандоо же билдирүүгө тоскоолдук кылган (мажбурлаган) жарандарга 10 миң же юридикалык жактарга 15 миң сом айып пул каралган;
  • Диний багыттагы объекттерде шайлоого байланыштуу үгүт иштерин, чогулуштарды же башка иш-чараларды уюштургандар 65 миң сом айыпка жыгылат;
  • Диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин ишине кийлигишүүсүнө болбойт: айып пул — жаранга (диний өкүлгө) 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом;
  • Диний окуу жайдан тышкары өз алдынча диний сабактарды өтүүгө тыюу салынат, болбосо жаранга 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом айып пул салынат;
  • Диний адабиятты, басылма, ауидо же видео түрүндөгү диний материалдарды коомдук жайларда таратууга, турак үйлөрдү, мамлекеттик, муниципалдык мекемелерди, бала бакча жана мектептерди кыдырып таратууга болбойт: айыппул — жаранга 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом;
  • Диний уюмдарга саясий партияларды каржылоого тыюу салынат: айыппул — жаранга 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом;
  • Дин иштери боюнча мамлекеттик органда каттоого турбастан, диний багыттагы объектти колдонуу: айыппул — жаранга 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом;
  • Туткан динине карап адамды же адамдар тобун оозеки же жазуу түрүндө басмырлоо (анын ичинде интернет аркылуу): айыппул — жаранга 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: дин мыйзам

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>