Көп каражат кызматкерлерди сыйлоого жумшалган. Монополияга каршы кызматтын ишинде каржылык бузуулар аныкталды

23.01.2026 | 14:19

Эсептөө палатасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2020-2024-жылдардагы бюджетинин аткарылышына аудитин жүргүзүп, каржылык жана мыйзам бузууларды аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган кызмат тарабынан Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун каражаттары материалдык-техникалык базаны чыңдоого жетишсиз жумшалганы белгилүү болгон. 2023-жылы бул багытка бөлүнгөн акчанын 378,2 миң сому гана, тактап айтканда 1,33%ы гана колдонулган. Ал эми 2024-жылы 410 миң сом же 0,81%ы гана жумшалган.

“Фонддун каражаттарынын негизги бөлүгү кызматкерлерди сыйлоого жана социалдык төлөмдөргө жумшалган. Айрым кызматкерлерге бир айдын ичинде бир нече жолу сый акы төлөнгөн учурлар болгон”,- деп билдирди Эсептөө палатасы.

Ошондой эле бухгалтердик эсеп жана сатып алууларда мыйзам бузуулар аныкталган. 1,5 млн сомдук негизги каражаттарды эсептен чыгарууда техникалык экспертиза, утилдештирүү жана сатуу боюнча тастыктоочу актылар толтурулган эмес. Күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптары бузулган.

Мындан тышкары Монополияга каршы кызматтын ишинде негизсиз чыгымдар болгон. Тактап айтканда, аймактардагы имараттарды ижарага алуу үчүн 1,7 млн сом бюджеттик каражат натыйжасыз пайдаланылган. Ал эми мамлекеттик имараттарды акысыз негизде алуу боюнча чаралар көрүлгөн эмес.

Scroll to Top