ТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атады
Кореяда иштеп, Пенсиялык кызматына акча төккөндөр орточо 3483 доллардан алды
24.10.2024 | 14:49
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, Улуттук пенсиялык кызматына акча төгүп жүргөн кыргызстандыктар мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, Кореянын Улуттук пенсиялык кызматында топтолгон акчаларын алуу үчүн Соцфондго 98 жаран кайрылган. Алардын ичинен 83үнүн арызы каралып, акчалары төлөнүп берилген. Алар орточо 3 миң 483 доллардан алган. Дагы 15 киши чечимди күтүп жатат.
Аталган акчалар бир жолу гана берилет.
Рубрики: Коом