Боливияда 100 жыл ичинде алгач ирет жапайы мышыктын жаңы түрү ачылдыКыргызстандын коммерциялык банктарынын активдери 1,2 трлн сомго жеттиСадыр Жапаров АКШнын Юта штатынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташтыкты талкууладыЭксперт: Бишкек ШКУ өлкөлөрү үчүн бейтарап каржы аянтчасына айланууга кудуреттүүКМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары лабораториясы ачылды20-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Кореяда иштеп, Пенсиялык кызматына акча төккөндөр орточо 3483 доллардан алды
24.10.2024 | 14:49
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, Улуттук пенсиялык кызматына акча төгүп жүргөн кыргызстандыктар мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, Кореянын Улуттук пенсиялык кызматында топтолгон акчаларын алуу үчүн Соцфондго 98 жаран кайрылган. Алардын ичинен 83үнүн арызы каралып, акчалары төлөнүп берилген. Алар орточо 3 миң 483 доллардан алган. Дагы 15 киши чечимди күтүп жатат.
Аталган акчалар бир жолу гана берилет.
Рубрики: Коом