Ошто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдарКыргызстан жана ЕАЭБ өлкөлөрү үрөндөрдү сактоо үчүн Якутиядагы уникалдуу криобанкка жөнөтүшөтЖогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары алмашты
Кореяда иштеп, Пенсиялык кызматына акча төккөндөр орточо 3642 доллардан алды
24.03.2025 | 11:15
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, Улуттук пенсиялык кызматына акча төгүп жүргөн кыргызстандыктар мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлады.
Кореянын Улуттук пенсиялык кызматында топтолгон акчаларын алуу үчүн бүгүнкү күнгө карата Соцфондго 113 кыргызстандык кайрылган. Алардын ичинен 96сынын арызы каралып, акчалары төлөнүп берилген. Алар орточо 3 миң 642 доллардан алган. Дагы 17 киши чечимди күтүп жатат.
Аталган акчалар бир жолу гана берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом