Коронавирус. Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондор

Коронавирус. Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондор

Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондордун арасынан табылган. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

«Коронавируска ишенбеген да жарандар бар, бирок бул инфекция тез убакытта жугуп, тарап кетишин эске салабыз. Мисал келтирсек, борбордогу объекттердин биринде коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген. Тилекке каршы, кыска убакыттын ичинде аны менен байланышта болгон 60 кызматкердин 24дө вирус тастыкталган. Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жугузган учурлар кездешүүдө. Андыктан, ар бир адамдан санитардык талаптарды так сактоого жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз”, — деп маалымдады Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 1722 адамдан аныкталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>