Бишкек шаарында 6-апрелден баштап COVID-19 оорусу менен ооругандарды кабыл алуу үчүн кошумча керебеттер жайгаштырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук госпиталда 110 керебет болсо, анын 10у реанимация бөлүмү жана Чүй облустук бириккен ооруканасында 55 керебет, анын 5и реанимация бөлүмү.
Коронавирус менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек «кызыл» аймакка киргенин кошумчалайбыз.