Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, аймактын өнүгүшү боюнча баяндамаларды угатAsman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди22-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирди
Дзюдо: Кубанычбек Айбек уулу чейрек финалга жетти
06.04.2021 | 11:56
Дзюдо боюнча кыргызстандык балбан Кубанычбек Айбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатындагы алгачкы кармашында түркмөнстандык Хакберди Жумаевди жеңди.
Ал чейрек финалда казакстандык балбан менен күрөшөт.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында Азия жана Океания чемпионатына старт алды.
Алгачкы мелдеш күнүндө мырзалар арасында 60 жана 66 килограмм салмактагы балбандар күрөшөт. Ал эми кыз-келиндер арасында 48, 52 жана 52 килограмм салмактагылар килем үстүнө чыгат.
Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 30 өлкөдөн келген 215 балбан 15 комплект медаль үчүн күрөшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт