Коронавирус дагы 9 медкызматкерден табылды, көбү Бишкекте

Коронавирус дагы 9 медкызматкерден табылды, көбү Бишкекте

Соңку сутка ичинде COVID-19 вирусун 9 медицина кызматкери жуктурган. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Алардын алтоо Бишкек шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Нарын облусунда катталган.

COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 216 учур. Алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 830  адамга жукту. Алардын ичинен 575 адам айыгып чыккан. 10 адам оорудан каза болгон.

Рубрики: ВИДЕО , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>