2020-жылдын 7-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 895 учуру катталды. Бул тууралуу саламатык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Стационарда – 246, алардын ичинен төртөө реанимацияда жатат. Ал эми 12 адам коронавирустан каза тапкан.
Учурда Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 637 болду.