Кыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдады
Оренбургдагы кармалып турган кыргыз мигранттары мекенине кайтты
07.05.2020 | 11:11
Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк аймагында кармалып турган 541 кыргыз жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, алар Казакстан тарап менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында жеке унааларын калтырып, атайын уюштурулган 10 автобус менен алынып келинген. Казакстандын аймагынан өтүүдө коңшу өлкө автобустарга атайын транзиттик жол ачып берип, өлкөнүн жол полициясынын коштосунда өткөрүшкөн.
ТИМден кошумчалагандай, мекенине кайткан кыргызстандыктардын бары обсервацияга алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом