Коронавирус жуктурган футболчу Пауло Дибала: Азыр сүйлөшкөн кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы

Коронавирус жуктурган футболчу Пауло Дибала: Азыр сүйлөшкөн кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы

Аргентина улуттук курамасынын жана «Ювентус» футболдук клубунун чабуулчусу, 26 жаштагы Пауло Дибала буга чейин сүйлөшкөн кызы экөө коронавирус жуктуруп алгандыгы кабарланган. Бул тууралуу «super.kg» жазды.

Футболчу өзүнүн азыркы абалы тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга берген маегинде билдирген.

«Менде бул оорунун күчтүү белгилери болгон. Азыр өзүмдү жакшы сезип калдым. Мага коронавирус жуктурган маалда кыймылдаган да оор болчу. Араң дем алып, беш мүнөттөй эч нерсе кыла албай калчумун. Булчуңдарым ооручу. Бактыга жараша азыр сүйлөшкөн кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Учурда машыгууга аракет кылып жатам«, — деп билдирген футболчу.

Маалыматка ылайык, «Ювентус» клубу Пауло Дибаладан башка дагы эки футболчусу Даниэле Ругани жана Блез Матюиди коронавирус жуктуруп алгандыгын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>