Коронавируска каршы күрөштүн эсебине 35 млн 293 миң сом түштү

Коронавируска каршы күрөштүн эсебине 35 млн 293 миң сом түштү

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 25-март саат 17.00гө карата 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.

Учурда ал каражаттын бир да тыйыны коротула элек.

Ачаны бөлүштүрүү тартиби Жогорку Кеңеш менен макулдашылат, андан соң коротулган каражаттар боюнча жума сайын маалымат айтылып турарын буга чейин вице-премьер Эркин Асрандиев айткан.

Эске салсак, Каржы министрлиги тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачылган.

Эсептин номери: 4402011000101373

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>