Коронавирустан дагы 2 кыргызстандык көз жумду

Коронавирустан дагы 2 кыргызстандык көз жумду

Соңку суткада коронавирустан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинен Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1 адам көз жумган.

Ошондой эле бир күндө 322 адамдан илдет аныкталган. 

“Бишкек шаарында 83 кишиден, Ош шаарында 6, Чүй облусунда 104, Ош облусунда 25, Талас облусунда 7, Нарын облусунда 12,  Ысык-Көл облусунда 41, Жалал-Абад облусунда 26,  Баткен облусунда 18 адамдан илдет табылды”, — деп билдиришти штабдан. 

Мындан тышкары соңку суткада 494 адам илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан. Муну менен коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын жалпы саны 76012ге жетти. Анын ичинен 68 367 адам сакайган. 

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдеттен Кыргызстанда 1303 адам көз жумду.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>