Таласта милиция башчысы оруктун ардагерин Жеңиш күнү менен куттуктады

Таласта милиция башчысы оруктун ардагерин Жеңиш күнү менен куттуктады

Бүгүн, 9-майда Талас облустук милициянын башчысы Азенбек Козукеев, Талас ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Күлчоро Жаманкараев Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы оруктун ардагери Кудайберген Чороевди Жеңиш күнү менен куттуктады.

Алар 97 жаштагы аксакалга бекем ден соолук, уул-кыздарынын, жаштардын сыйын көрүп жүрүүнү каалап, калпак, чепкен кийгизип, белектерин тапшырган. Өз кезегинде Кудайберген Чороев аларга ыраазычылык билдирип, өлкөбүздө тынчтык болуусун тилеп ак батасын берген.

Кудайберген Чороев 1928-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. 1947-жылы Орусиянын Москва шаарында аскерде кызмат өтөп, Свердлов облусунда согуш жылдарында соттолгон жарандарды коштоп жүрүү тобунун башчысы болгон. Аскерден келгенден кийин ички иштер органдарына кабыл алынып, 30 жылга жакын кызмат өтөгөн. 1978-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 19 жыл облустагы Социалисттик менчикти уурдоо жана алып сатарлык менен күрөшүү бөлүмүн жетектеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>