Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери бар
09.05.2024 | 10:00
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Алардын үчөө майып, 18 катышуучу, 8 туткун жана 10 блокадачы.
Бишкек шаарында 22 ардагер, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – бешөө жашайт.
Министрликтин маалыматында, согуштун ардагерлери 7 миң сом өлчөмүндө акчалай компенсация жана 10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендия алышат.
Ошондой эле өлкөдө 552 ооруктун эмгекчилери жашайт. Алардын майыптыгы барлары айына 2000 сом, калгандары 1000 сом компенсация алып турушат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом