Ошто 9-майга карата өтө турган майрамдык салтанатка окуучулар катышпайт

Ошто 9-майга карата өтө турган майрамдык салтанатка окуучулар катышпайт

Ош шаарында 9-май күнү саат 09:30дан тарта борбордук аянтта театралдык, маданий концерттик программа тартууланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаада «Өлбөс полк» жүрүшү жана аскердик парад өткөрүлбөйт.

Муниципалитеттин  Reporter.kg’ге маалымдоосунда, Жеңиш күнүнө арналган иш чарага окуучулар тартылбайт.

«Массовкада дагы, чыгармачыл топтордо дагы окуучулар болбойт. Балдар чыгармачыл борборлунун бий тайпаларын дагы катыштырган жокпуз. Атүгүл театрлдашкан постановкадагы балдардын ролун дагы окуучулар аткарбайт», — дейт Ош мэриясы.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сузактагы окуядан кийин балдарды массалык иш чараларга катыштырууга тыюу салган.

Сузактагы кырсыктан кийин билим берүү уюмдары коопсуздук чарасын иштеп чыгуусу зарыл

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>