Коронавирусту пандемия деп жарыялоо – бул вирустун географиялык жактан жайылышынын кеңейгени

Коронавирусту пандемия деп жарыялоо – бул вирустун географиялык жактан жайылышынын кеңейгени

COVID-19 вирусун пандемия деп жарыялоо коронавирус адамдын өмүрүнө чоң коркунуч жаратып, мурдагыдан да өтө кооптуу болуп калды дегенди билдирбейт. Пандемия деп жарыялоо – бул вирустун географиялык жактан жайылышы кеңейгенин таануу. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта ЮНИСЕФ билдирүү таратты.

Вирус каалаган өлкөдө же жамаатта балдардын жана үй-бүлөлөрдүн арасында жайылышы ыктымал экенин билип, ЮНИСЕФ дүйнө жүзү боюнча COVID-19 эпидемиясына даярдануу жана реакция жасоо багытында иш алып барууда.

«Биз вирустун жайылышын токтотуп, балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана өнөктөштөрүбүз менен ишибизди уланта беребиз.

Ошол эле маалда биз вирустун кесепеттерине жана эпидемия менен күрөш үчүн көрүлүп жаткан чараларга мурдагыдай эле тынсыздануудабыз. Бийлик көрүп жаткан чаралар балдардын бакубатчылыгына таасирин тийгизүүдө, себеби мектептер жабылууда. Ошондой эле баштапкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү саламаттык сактоо системаларына да оорчулук келүүдө. Айрым үй-бүлөлөр экономикалык кризисти башынан өткөрүп, өздөрүн вирустан сактай албай жатат.

Вирустан коркуу сезими аярлуу топторго кирген адамдарды, анын ичинде качкындарды жана мигранттарды басмырлоого жеткирген учурлар бар. Буга жол берилбеши керек.

Биз балдарга карата көрүлүп жаткан чаралардын таасирин жумшартуу үчүн, басмырлоону болтурбоо максатында жапа чеккен жамааттарда мурдагыдай эле ишибизди улантып жатабыз» — деп жазылат билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>