Көтөрүп чапкан: милиция мушташкан эркектерди РИИБге өз эрки менен келүүгө чакырды

16.10.2025 | 15:18

Соцтармактарда эки айдоочу жол талашып, кесилиштин алдында мушташкан видео тарады.

Кадрларда көрүнгөндөй, кичи автобус менен жеңил унаанын айдоочулары жолдо бара жатып урушуп кетишкен. Лев Толстой менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине келгенде кичи автобустун айдоочусу унаасынан түшүп, экинчи айдоочуга барган. Ал да өз унаасынан түшкөн. Андан кийин кичи автобустун айдоочусу каршылашын жерге көтөрүп чаап, бир нече жолу урган. Аларды башка айдоочулар ажыраткан.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт Биринчи Май райондук ИИБдин каттоо журналына катталган. Учурда укук коргоо органдары мушташтын катышуучуларын издеп жатышат.

Мындан тышкары, милиция видеодогу мушташкан эркектерди Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына өз ыктыяры менен келүүгө чакырат.

Scroll to Top