«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Ковидден каза тапкан дарыгерге 1,5 жылдан бери кенемте бериле элек
17.02.2022 | 11:41
Өкмөт 1,5 жылдан бери ковидден каза болгон дарыгерге кенемте бере элек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимбаева парламентте билдирди.
“Токтайым Өскөнбаева деген жараныбыз мага кайрылып жатат. Себеби, анын күйөөсү дарыгер болуп иштеп жүрүп коронавирус маалында кызыл аймакта иштер жүрүп көзү өтүп кетиптир. Ал 3 баласы менен жесир калган. Ушул тапта ал айым иштебей, үйүндө бош экен. Мамлекет убалаган акчаны ала албай убара болуп, бул-тиги кагазды алып кел деп 1,5 жылдан бери 1 млн сом кенемтесин ала албай жатыптыр. Балдары бала бакчага барышы керек экен. Күйөөсү аларды бакчу экен. Ушул маселени көзөмөлгө алып берүүңүздү өтүнөм” – деп өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар