Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнүн ордуна соцобъекттер салынат

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык болгон үйдүн ордуна социалдык объекттер курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Тимур Малбашев билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилкесинин жарымына заманбап шарттагы карылар үйү салынат. Анда Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги эскилиги жеткен карылар үйлөрүндөгү жашоочулар көчүрүлөт.
Калган бөлүгүнө 500 орундуу бала бакча курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакын айылдардын балдарына кызмат көрсөтөт. Азыркы тапта жергиликтүү тургундар балдарын шаарга ташып жүрүшөт.
Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылга чейин бүткөрүлөт. Ал эми Бишкектеги эски карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр салынары да белгиленди.