Кожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынат

15.02.2026 | 12:30

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы реконструкцияланат. Ошондой эле заманбап бассейн курулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Мэр Айбек Жунушалиев спорт сарайына барып, көчмө жыйын өткөрдү. Ага шаардык кызматтардын жетекчилери, подрядчылардын өкүлдөрү, Мамлекеттик спорт агенттигинин директору жана Биринчи Май районунун башчысы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо жана реконструкциялоонун кийинки этаптары каралды. Калаа башчысы спорт сарайы шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин белгилеп, оңдоп-түзөө учурунда анын баштапкы архитектуралык көрүнүшүн сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле шаар тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен имаратты реконструкциялоонун заманбап жана функционалдык модели иштелип чыгары айтылды.

Мындан тышкары суу спорту үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында заманбап бассейн куруу маселеси каралды.

Иш сапардын жыйынтыгында жооптуу мекемелерге реконструкция иштерин белгиленген талаптарга ылайык тездетүү милдеттендирилди.

Scroll to Top