КПЛ: «Дордой» экинчи жеңишине жетти

КПЛ: «Дордой» экинчи жеңишине жетти

Бүгүн, 27-мартта Футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын 13-турунун мөөнөтүнөн э өткөн оюнунда «Дордой» жеңишке жетти.

Кант шаарындагы «Спорт Сити» аренасында  орун алган беттеште «Илбирс» 2:4 эсебинде «Дордойго» жеңилди.

«Дордойдон» Абай Боколеев 2 гол киргизсе, Мирлан Мурзаев менен Кайрат Жыргалбек уулу 1ден гол киргизишти. Ал эми «Илбирстен» Арсен Шаршенбеков менен Марлен Мурзакматов гол менен айырмаланышты.

Эртең, 28-мартта Ош шаарындагы футбол Академиясында «Каганат» менен «Кара-Балта» кез келет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>