КР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын делегациясы финансылык жөнгө салуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу максатында Вена жана Прага шаарларында болду. Жумушчу сапар Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулду.
Сапардын алкагында кыргызстандык адистер Австрия менен Чехиянын борбордук банктарындагы кесиптештери менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Ошондой эле европалык ири финансылык топтор — Raiffeisen Bank International жана Erste Group Bank, ошондой эле Австриянын банктар жана банкирлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болду.
Жолугушуулардын алкагында негизги көңүл SREP (көзөмөлдүк баалоо жана кароо процесси) методикасын практикада колдонууга бурулду. Тараптар төмөнкүлөрдү талкуулашты:
- заманбап көзөмөлдөө инструменттерин жөнгө салуучу органдын учурдагы ишине интеграциялоону;
- банктарды текшерүүнүн ички процесстерин уюштурууну;
- көзөмөлдүк баа берүүнү калыптандыруу механизмдерин;
- коммерциялык банктар жана башка көзөмөлгө алынган түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрүн.
Жолугушуунун катышуучулары SREP методикасын киргизүүдө келип чыгуучу маселелерди, анын ичинде стресс-тестирлөө жүргүзүүнү жана макропруденциалдык жөнгө салууну деталдуу түрдө карап чыгышты. Мындан тышкары, адистер тобокелдиктерди баалоо процесстери жаатындагы алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүштү.