Кримтөбөл «Чачтын» кылмыштуу тобундагы 5 адам кармалды – видео

Кримтөбөл «Чачтын» кылмыштуу тобундагы 5 адам кармалды – видео

Уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык,  УКМК «Чач» каймана аты менен белгилүү Э.Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун милиция кызматкерине жана жарандарга карата куралдуу кол салууга аракет кылган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө. Анын алкагында 16-декабрда атайын ыкчам иштердин натыйжасында Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда Сузак районунда октябрь айында орун алган атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалган. 

Алардын  үчөө Ошто, экөө Бишкекте убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>