Кубанычбек Кадыров президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Кубанычбек Кадыров президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Кубанычбек Кадыров президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.

50 жаштагы Кубанычбек Кадыров «Чындык» саясий партиясынын лидери. Ал Жогорку Кенештин IV чакырылышында депут болгон. Ошондой эле Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган.

 Кубанычбек Кадыров 2016-жылдын март айында «бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалып, сегиз жылга кесилген. 2019-жылдын февралында шартуу түрдө абактын чыккан.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>