Кубанычбек Жумалиев эми Жогорку Кеңештин депутаты эмес

Кубанычбек Жумалиев эми Жогорку Кеңештин депутаты эмес

Кубанычбек Жумалиев эми Жогорку Кеңештин депутаты эмес. Мындай чечим бүгүн, 21-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазгандыгы такталды.

Жумалиевдин ордуна «Бир Бол» партиясынан кезекте турган Аманкул Токтомамбетовго депутаттык мандат жана төш белги ыйгарылды.

Буга чейин УКМК Жумалиев жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатын, коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктү өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергендигин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>