Россия Федерациясынын аймагында миграциялык мыйзам бузуулардан улам көзөмөлдөөчү реестрге (“кара тизмеге”) түшүп калган кыргызстандыктарга 2025-жылдын 1-сентябрына чейин укуктук абалын оңдоого акыркы мүмкүнчүлүк берилгенин КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев эскертти.Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министрдин айтымында, бул мүмкүнчүлүк президент Садыр Жапаровдун РФ президенти Владимир Путинге расмий кайрылуусунун негизинде жаралган. Ал 1-сентябрга чейин мөөнөт узартылбай турганын баса белгилеп, жарандарды убакытты текке кетирбөөгө чакырды.
“Сентябрга чейин убакыт бар деп жүрө бербегиле. Анткени ал убакыт жакындаганда, полиция, миграция кызматтары жана консулдуктарда узун кезек болуп, үлгүрбөй калышыңар мүмкүн”, — деди министр.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда 70 миңге жакын кыргыз жараны “кара тизмеде” турат. Бирок ушул күнгө чейин болгону 3 миңге жакын гана адам реестрден чыккан.
Реестрден чыгуу үчүн талап кылынган кадамдар:
- Аймактык миграция бөлүмүнө кайрылып, тизмеге түшүү себебин тактоо;
- Медициналык текшерүүдөн өтүү;
- Эмгек келишимин түзүү (ЕАЭБ мүчөлүгүнө ылайык бул негизги талап);
- Миграциялык карта жана каттоо мөөнөтүн узартуу;
- Кемчиликтери бар документтер үчүн айып пул (5000–7000 рубль) төлөө.
Мындан тышкары, Россия тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иш графигин 2 саатка узарткан. Бул да жарандар үчүн кошумча мүмкүнчүлүк.
Кулубаев жарандарды кайдыгер болбоого чакырып: “Мөөнөт бүткөндөн кийин «өкмөт жардам берген жок» деген сөздөр негизсиз болот. Жоопкерчилик ар бир адамдын өзүндө”, — деп эскертти.