Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Кумар оюндарына салыктын ставкасын төмөндөтүү сунушталууда
12.01.2023 | 15:55
Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “Оюн ишмердүүлүгүнө салыктын ставкасын белгилөө жөнүндө” токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу Финансылык көзөмөлдүн сайтында маалымдалды.
Долбоордун негизги максаты – кумар оюндарына салыктын ставкаларын төмөндөтүү.
Долбоордо төмөнкүдөй салык ставкаларын белгилөө сунушталат:
1 оюн столу (1 флот) казино үчүн:
- 2022-жылы – 450 миң сом (азыр 750 миң сом);
- 2023-жылы – 600 миң сом (азыр 1 млн. сом);
- 2024-жылдан баштап – 750 миң сом (азыр 1 млн 250 миң сом);
оюн автоматтары жана компьютердик симуляторлор залынын 1 оюн автоматы үчүн:
- 2022-жылы – 10 миң сом (азыр 50 миң сом);
- 2024-жылы – 15 000 сом (азыр 75 000 сом);
- 2024-жылдан баштап – 20 000 сом (азыр 100 000 сом).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом